ПУРСВС тренинги: суу менен камсыздоо жана санитария системаларынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн кантип камсыз кылуу керек
2025-жылдын 15-августунда Ош шаарында «Суу менен камсыздоо жана санитария системаларынын объектилеринин туруктуулугун камсыз кылуу» темасында тренинг өткөрүлдү. Иш-чара Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун (ПУРСВС) алкагында уюштурулду.
Тренингге подряддык уюмдардын өкүлдөрү, жеринде иштеген кызматкерлер жана долбоордун төрт негизги багыты боюнча иш алып барган адистер катышты:
- инфраструктурага инвестициялар;
- санитарияны өнүктүрүү жана институционалдык өнүгүү;
- экологиялык коопсуздук чаралары.
Тренингдин программасы мазмундуу жана практикага багытталган болду. Катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
- курулуш жана монтаждоо иштеринин сапаты, ошондой эле объектилерди буюртмачыга өткөрүп берүү жол-жобосу;
- айылдык коомчулуктарда санитария жана гигиенаны өнүктүрүү, балдардын негизги санитардык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;
- суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациялоонун негизги аспектилери;
- экологиялык жана социалдык коопсуздук маселелери, айлана-чөйрөгө тийгизилиши мүмкүн болгон таасирлердин тобокелдиктерин азайтуу;
- кызматкерлер жана подрядчылар үчүн эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы.
Тренингдин өзүнчө бөлүгү Кызыл Жарым Ай уюмунун адистери тарабынан өткөрүлгөн окутууга арналды. Катышуучулар биринчи жардам көрсөтүүнүн негиздери боюнча практикалык сабактан өтүштү. Бардык катышуучулар практикалык көнүгүүлөргө активдүү катышып, өзгөчө кырдаалдарда адам өмүрүн сактап калууга жардам бере турган көндүмдөрдү бекемдешти.
Тренингде практикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду — суу менен камсыздоо системаларындагы курулуш процесстеринин сапатын көзөмөлдөөдөн тартып, айыл мектептеринде жана бала бакчаларында гигиеналык адаттарды жайылтууга чейин.
Ачык талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар тажрыйба алмашып, суроолорун берип, айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария системаларын өнүктүрүүдө инновациялык ыкмаларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар анын практикалык маанисин белгилеп, алынган билимдерди жана көндүмдөрдү жер-жерлерде колдонууга даяр экендиктерин билдиришти.


