Дүйнөлүк банктын миссиясы ПРЭР долбоорунун алкагында Ош облусуна барды
Дүйнөлүк банктын миссиясы шаардык инфраструктураны жакшыртууга, туристтик потенциалды өнүктүрүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган «Ош облусунда жана Ош шаарында региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорун (ПРЭР) ишке ашыруунун алкагында Ош облусуна иш сапары менен келди.
Дүйнөлүк банктын делегациясынын курамына шаардык өнүктүрүү боюнча улук адис Т. Гоготишвили, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча улук адис Т. Жукушева, ошондой эле Дүйнөлүк банктын тармактык адистеринин командасы кирди.
АРИС тараптан делегацияны ПРЭР долбоорунун координатору А. Кадыров жана долбоордун адистери коштоп жүрүштү.
Өзгөн шаарындагы объекттерге баруу
14-ноябрда Дүйнөлүк банктын делегациясы АРИС өкүлдөрү менен бирге долбоордун алкагында ишке ашырылып жаткан төмөнкү объекттерди кыдырды:
- З. Ормонов атындагы шаардык стадион жана «Орто-Коргон» сейил багы
- Жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө
- Азнабакиев атындагы парк
Объекттерде курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты, социалдык жана экологиялык стандарттардын сакталуусу каралды. Подрядчы уюмдардын өкүлдөрү, техникалык көзөмөл кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууларда учурдагы иштердин жүрүшү, келип чыккан маселелер жана Өзгөн шаарындагы иш-чараларды ишке ашыруунун кийинки кадамдары талкууланды.
Ош шаарындагы объекттерге баруу
15-ноябрда Дүйнөлүк банктын миссиясы Ош шаарындагы объекттерди текшерүү ишин улантты:
- А. Навои атындагы сейил бак
- Ак-Буура дарыясынын батыш жана чыгыш жээктерин көрктөндүрүү
Миссиянын өкүлдөрү курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, алардын заманбап, коопсуз жана жеткиликтүү шаардык чөйрөнү түзүүгө кошкон салымын белгилешти. Ошондой эле ПРЭРдин чакан гранттар программасынын катышуучулары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул программа Ош шаарында жана жакынкы райондордо жергиликтүү демилгелерди колдоого жана чакан ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.
Иш сапардын жүрүшүндө тараптар аткарылган иштерди, аныкталган кыйынчылыктарды талкуулап, Ош облусунда жана Ош шаарында долбоордун иш-чараларын натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн мындан аркы кадамдарды макулдашышты.


