Дүйнөлүк банктын ПРЭР-2 жана ПРЭР долбоорлорун ишке ашырууну колдоо боюнча миссиясы башталды
Бишкек, 2025-жылдын 11-ноябры. Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банктын миссиясы башталды. Ал Баткен облусунда экинчи «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорун (ПРЭР-2) жана Ош облусунда жана Ош шаарында ««Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорун (ПРЭР) ишке ашырууну колдоого багытталган. Миссия 2025-жылдын 10-ноябрынан 19-ноябрына чейин өтөт.
Миссиянын негизги максаты — долбоорлордун учурдагы аткарылышынын жүрүшүнө баа берүү, жетишилген жыйынтыктарды талкуулоо, ошондой эле региондордун туруктуу өнүгүүсүнө багытталган иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мындан аркы кадамдарды аныктоо.
Миссиянын курамына шаардык жана айылдык өнүгүү, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, сатып алуулар жана социалдык өнүгүү багыттары боюнча Дүйнөлүк банктын алдыңкы адистери кирди. Миссиянын жетекчилери — шаардык өнүгүү боюнча улук адис мырза Тенгиз Гоготишвили жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча улук адис айым Толкун Жукушева.
Миссиянын ишине ошондой эле ПРЭР-2 долбоорунун координатору Гульмира Джумабекова, ПРЭР долбоорунун координатору Айбек Кадыров жана долбоордук топтордун адистери катышууда.
Миссиянын программасынын алкагында АРИСтин жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана подряддык уюмдар менен жолугушуулар, ошондой эле Ош, Өзгөн, Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларындагы курулуш жана инфраструктуралык объектилерге иш сапарлар пландалган.
Иш сапарлардын жүрүшүндө курулуш иштеринин аткарылышы, долбоордук-сметалык документацияны даярдоо, экологиялык жана социалдык стандарттарды сактоо, сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү, ошондой эле Чакан гранттар программасынын иш-чараларын аткаруу боюнча маселелер каралат.


