14 Ноябрь 2025

АРИС климатка багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү

12-13-ноябрда Вена шаарында «Коомчулуктар: климатты, жашоону жана туруктуулукту байланыштырган жергиликтүү демилгелер» деген аталыштагы тренинг болуп өттү. Катышуучулардын көңүл чордонунда -  климаттын өзгөрүшүн жумшартуу жана ыңгайлаштыруу боюнча практикалык ыкмалары, жашыл инновацияларды ишке ашыруунун натыйжалуу тажрыйбалары менен бөлүшүү жана алардын жашоого тийгизген таасири болду. 

Венанын өнүктүрүү жаатында билим борбору, эксперттик тажрыйбага жана өнүгүүгө таасир көрсөтүү даражасын жогорулатуу үчүн  билимдин бардык потенциалын ачууга жеткиликтүүлүктү берүүгө чакырылган Дүйнөлүк Банк менен Австрия Өкмөтүнүн ортосундагы өнөктөштүк. Бул өнөктөштүк 2024-ж. Дүйнөлүк банк менен ЭВФтин жыл сайынкы кеңешмелеринин убагында түзүлгөн жана көп жылдык кызматташууга таянат,  анын негизинде финансылык секторду реформалоо, инвестициялык климат, шаарларды өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстарын башкаруу сыяктуу маселелер боюнча ар кандай билим берүү программалары ийгиликтүү өнүгүүдө.  

Окутууда  ошондой эле Аткаруучу директор М.Д. Наспеков жетектеген АРИСтин делегациясы да катышты. Алсак, АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан КР Министрлер кабинетинин кызматкерлери климатка туруктуу технологиялар, практикалык ыкмалар жана жергиликтүү деңгээлде колдонулуп жаткан локалдык иш-аракеттер жөнүндө  тажрыйбалары менен бөлүштү.

Өткөн жылы аяктаган CDD-долбоорлорунун (ППМС, ДФ ППМС жана ДФ ПСИ-3) жүрүшүндө оң натыйжалар жетишилгендиги белгиленди: чакан долбоорлордун 80%дан ашыгы климатка багытталган; 2000 климаттын өзгөрүүсүнүн элчилери (ПИКС) жергиликтүү деңгээлде окутулду; маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн маселелери боюнча 10000 маалыматтык жана окутуу иш-чаралары өткөрүлдү; жергиликтүү деңгээлде 650 маалыматтык кампания өткөрүлдү, мында 22 976дан ашуун адам (алардын 77%ы аялдар) климаттык сабаттуулугун жогорулатууга жана аялдардын адаптацияга катышуусун жогорулатууга багытталган демилгелерден пайдаланышты; 153 чакан долбоорлордо 3000 жаңы жумуш орундары менен “жашыл” кошумча нарк чынжырчалары (КНЧ) түзүлдү. 

Бул жетишкендиктердин жана алынган сабактардын негизинде, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Дүйнөлүк Банктын финансылык колдоосу менен Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорду (НПИС) ишке ашырууну баштаган, анда Кыргызстандын 7 облусундагы 40 айылдык аймакта климатка туруктуу чакан долбоорлорду Социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарына (СЭӨП) милдеттүү түрдө интеграциялоо, “жашыл” инвестицияларды артыкчылыкташтыруу жана  жергиликтүү коомчулуктардын  деңгээлинде  климат жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу  каралган. Эскерте кетсек, НПИСтин ишин жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министрлигине жүктөлгөн.