АРИС: ПРЭР долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын орто мөөнөттүү миссиясынын жыйынтыктары боюнча жыйын болуп өттү
2024-жылдын 17-сентябрында Дүйнөлүк банктын Бишкектеги кеңсесинде Аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоорунун (ПРЭР) орто мөөнөттүү миссиясынын жыйынтыктары боюнча жыйынтыктоочу жыйын болуп өттү, ага Дүйнөлүк банктын жана Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) өкүлдөрү катышты.
Жолугушууга Дүйнөлүк банктын табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу боюнча улук адиси/жумушчу топтун жетекчиси Т.Джукушева, ошондой эле шаарды өнүктүрүү боюнча улук адис/жумушчу топтун тең лидери Т.Гоготишвили катышты. АРИСтин атынан АРИСтин аткаруучу директору М.Наспеков, АРИСтин аткаруучу директорунун орун басары А.Мамбеткулова, финансылык менеджери Б.Сталбек уулу, долбоордун координатору А.Кадыров, координатордун орун басары Г.Джумабекова жана долбоордун адистери катышты.
Миссия, ПРЭР долбоору бардык компоненттер боюнча оң көрсөткүчтөр менен өз максаттарына жана милдеттерине жетип жатканын белгиледи. Буга байланыштуу долбоордун максаттары жана түзүмү, ошондой эле болжолдонгон натыйжалар өзгөрүүсүз калат.
Ошондой эле Чакан гранттар программасынын жана мамлекеттик-жеке кызматташуунун алкагында, Ош жана Өзгөн шаарларындагы социалдык объектилерди реконструкциялоо жана жакшыртуу боюнча да ийгиликтер белгиленди.
Миссиянын айыл чарба маселелерине арналган экинчи бөлүгү 2024-жылдын 20-сентябрында башталып, 2024-жылдын 23-сентябрына чейин уланат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ПРЭР долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат жана АРИС тарабынан ишке ашырылат.