29 Апрель 2025

Азия өнүктүрүү банкы Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасын кеңейтүү үчүн кошумча каржылоо көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасы-кошумча каржылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Негизги программанын натыйжаларына негизденип, Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасы 38,8 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кошумча каржылоону берет, анын ичинде:
27,0 млн. АКШ доллары — АӨБ кредити;

5,35 млн АКШ доллары — АӨБ гранты;

6,45 млн. АКШ доллары – Кыргыз Республикасынын  кош каржылоосу.

Кошумча каржылоо Нарын облусунун 23 айылында курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) ишке ашырып жаткан негизги программанын алкагында Нарын облусу боюнча 43 айыл үчүн долбоордук-сметалык документтер (ДСД) иштелип чыгып, 6 айылда суу менен камсыз кылуу системалары курулуп, пайдаланууга берилди, ошондой эле 14 айылда курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Программа Нарын облусунун айыл калкынын коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн жана санитарияны жакшыртууга багытталган.

Эгерде негизги программанын алкагында Нарын облусунун 64 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болсо, кошумча каржылоону эске алуу менен бул көрсөткүч 103 миң адамга чейин көбөйөт. Мындан тышкары, облустун 43 айылында социалдык мекемелердин санитардык абалы кыйла жакшырары күтүлүүдө.

Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасы Нарын облусунун айыл калкына татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылуу, ден соолугун жана санитарияны жакшыртуу, ошондой эле өлкөнүн региондорун туруктуу өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.