26 Сентябрь 2025

CS-FOR: Бишкекте жашыл кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүүдө каржы институттарынын ролу талкууланды

 

 

Бишкек, 2025-жылдын 24-сентябры – «Жашыл кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү жана каржылоо: көмүртекти секвестрациялоо долбоорун ишке ашырууда каржы институттарынын ролу» темасында тегерек стол болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасында токойлор жана жайыттар аркылуу климаттык инвестициялардын негизинде көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR) долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор Жашыл климаттык фонддун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Талкууга өлкөнүн алдыңкы каржы институттарынын өкүлдөрү, профильдик министрликтер, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС), ошондой эле долбоордун бенефициарлары катышты.

Катышуучулар климатка багытталган инвестицияларды илгерилетүү, туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн ар кандай кредиттик продуктылар, ошондой эле айыл чарба бизнесинин каржылоого жетүүсүнө тоскоол болгон факторлор — жогорку пайыздык чендер жана күрөө талаптары сыяктуу маселелерди карашты.

Иш-чаранын алкагында сертификаттарды тапшыруу аземи да өттү. Сертификат CS-FOR долбоорунун алкагында АРИС тарабынан төмөнкү айыл өкмөттөрүнө товардык гранттар берилгенин тастыктайт:

  • Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы 6 айыл өкмөтүнө;
  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы 2 айыл өкмөтүнө;
  • Ош облусунун Өзгөн районундагы 7 айыл өкмөтүнө;
  • Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 3 айыл өкмөтүнө.

Бул каражаттар жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууну өнүктүрүүгө жана жергиликтүү деңгээлдеги материалдык-техникалык базаны чыңдоого багытталган.

Долбоор токойлорду жана жайыттарды калыбына келтирүү аркылуу парник газдарынын чыгарын азайтууга, ошондой эле туруктуу бизнес-моделдерди өнүктүрүүгө багытталган. Анын ишке ашырылышынын натыйжасында 20 жыл ичинде 19,8 млн тонна CO₂-эквивалент көлөмүндө көмүртек секвестрациясы күтүлүүдө. Бул өлкөдөгү жалпы чыгындылардын 7,6%ын, ал эми айыл чарба секторундагы чыгындылардын 22,6%ын түзөт.

Катышуучулар ошондой эле төмөнкү маселелерди талкуулашты:

  • климатка сезимтал долбоорлордун муктаждыктарына ылайык банк продуктыларын адаптациялоо;
  • айыл чарбасына тартылган аялдар менен жаштарды колдоону күчөтүү механизмдери;
  • жашыл каржылоону өнүктүрүүдө ФАОнун инструменттерин жана практикаларын колдонуу.

Тегерек стол тажрыйба алмашуу жана каржы институттары, айыл чарба сектору жана эл аралык уюмдар ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Бул Кыргызстанда жашыл экономиканы калыптандыруу жолунда маанилүү кадам болуп саналат.