30 Январь 2026

ИБР жана АРИС: суу менен камсыздоо тармагындагы долбоорду даярдоо жана мындан аркы кызматташтык талкууланды

 

 

2026-жылдын 26–30-январында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИБР) Миссиясы болуп өтүп, анын алкагында жаңы долбоорду даярдоо маселелери жана мындан аркы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Миссиянын жүрүшүндө жумушчу жолугушуулар жана консультациялар өткөрүлүп, анын ичинде Жалал-Абад облусуна иш сапары уюштурулду. Талаа сапарларынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү коомчулуктар жана башка кызыкдар тараптар менен жолугушуулар өттү. Миссиянын катышуучулары долбоорду ишке ашырууга мүмкүн болгон объекттер жана инфраструктуранын учурдагы абалы менен таанышты.

Ислам өнүктүрүү банкынын делегациясынын курамына төмөнкүлөр кирди:

• Рустам Эшонхуджаев — операциялык топтун жетекчиси, команданын башчысы;
• Мохаммед Сираж Наджубудин — исламдык каржылоо боюнча улук адис;
• Баходир Мирзаев — суу менен камсыздоо жана санитария боюнча глобалдык маселелер боюнча улук адис;
• Руслан Татиков — Кыргыз Республикасындагы ИБРдин өкүлү.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунан (АРИС) жумушчу жолугушууларга төмөнкүлөр катышты:

• Марс Наспеков — аткаруучу директор;
• Асель Мамбеткулова — аткаруучу директордун орун басары;
• Тимур Маралбаев — ПУСВС БТ долбоорунун координатору.

Мындан тышкары, Миссиянын ишине Ислам өнүктүрүү банкынын жана АРИСтин тармактык адистери да катышты.

Миссиянын алкагында Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволорунун өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул жолугушууларда суу менен камсыздоо жана санитария секторундагы өкмөттүн стратегиялык артыкчылыктары, долбоордун улуттук жана тармактык стратегияларга шайкештиги, ишке ашыруунун институционалдык механизмдери, ошондой эле каржылоо маселелери, анын ичинде аралаш каржылоо моделдерин колдонуу жана долбоорду Мамлекеттик инвестициялык программага киргизүү маселелери талкууланды.

Талкуулардын жүрүшүндө тараптар жаңы долбоордун негизги параметрлерин жана келечегин, анын күтүлгөн социалдык-экономикалык таасирин, ошондой эле ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана институционалдык өз ара аракеттенүү механизмдерин карап чыгышты. Өзгөчө көңүл туруктуу өнүгүү маселелерине, инфраструктуранын сапатын жогорулатууга, экологиялык жана социалдык коопсуздук чараларына, аялдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдар менен ишке ашыруучу агенттиктин ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө бурулду.

Миссиянын жыйынтыгы боюнча өз ара аракеттенүүнү улантуу жана долбоорду даярдоого жана андан кийин ишке ашырууга байланыштуу маселелерди иштеп чыгуу боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды.