АӨБ миссиясы Нарын облусуна барды
Бүгүн, 2025-жылдын 4-декабрында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясы сектордук долбоорлор башкармалыгынын жетекчиси (Суу ресурстары жана шаардык өнүгүү сектордук кеңсеси, Секторлор департаменти 2) Джэмином Нам (Jaemin Nam) мырзанын жетекчилиги алдында, Нарын программасынын жаңы жетекчиси Юто Хякукан (Yuto Hyakukan) мырзанын катышуусунда Нарын облусуна иш сапары менен келди.
Миссия Нарын облусундагы айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан суу менен камсыздоо системалары жана санитардык объекттер менен таанышты. Аталган программа АРИС тарабынан ишке ашырылууда.
Иш сапардын жүрүшүндө делегация Нарын районунун Жан-Булак жана Жалгыз-Терек айылдарына барып, 2024-жылы курулуп пайдаланууга берилген суу менен камсыздоо системалары менен таанышты. Ошондой эле А. Жутакеев атындагы орто мектепте жана К. Маатказиева атындагы ФАПта жүргүзүлгөн санитардык объекттерди реабилитациялоо иштерин көрүштү. Мындан тышкары, миссия Нарын районунун Жерге-Тал айылында учурда жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Джэмин Нам мырза программанын алкагында жүргүзүлгөн иштерди жогору баалап, айылдык коомчулуктарды сапаттуу суу менен камсыздоо жана санитария кызматтары менен камсыздоодо олуттуу жылыштар бар экенин белгиледи. Ал жетишилген натыйжалар аймактын калкынын жашоо шарттарын жакшыртууда маанилүү кадам экенин баса белгиледи. Ошол эле учурда, ал АӨБдүн талаптарын жана стандарттарын так сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, бул учурдагы жана келечектеги иш-чараларды ийгиликтүү аяктоонун негизги фактору экенин белгиледи.
Нарын облусундагы айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Программа региондун 43 айылын камтыйт. Программа толук ишке ашырылгандан кийин 100 миңден ашуун тургун жакшыртылган суу булактарына жеткиликтүүлүккө ээ болуп, коопсуздук талаптарына ылайык уюштурулган суу менен камсыздоо кызматтарын пайдаланган калктын үлүшү көбөйөт.


