20 Ноябрь 2025

Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорду колдоо боюнча Дүйнөлүк банктын миссиясы ишин баштады

 

 

20-ноябрда Дүйнөлүк банктын социалдык өнүгүү боюнча улук адиси Кристофер Финч, социалдык өнүгүү боюнча улук адиси Луиза Нора жана социалдык өнүгүү боюнча адиси Дамира Темирбаева Кыргыз Республикасынын АРИСтин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.

АРИС тараптан жолугушууга аткаруучу директор Марс Наспеков, аткаруучу директордун орун басары Асель Мамбеткулова, ошондой эле Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун  (НПИС) координатору Майрамбек Баялиев катышты.

17-ноябрда Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) миссиясы өз ишин баштады. Бул долбоор АРИС тарабынан ишке ашырылып, жалпы координацияны Кыргыз Республикасынын Экокномика жана коммерция министрлиги жүргүзөт.

Миссиянын алкагында 27-ноябрга чейин, он күндүн ичинде, долбоордун ишмердүүлүгүнүн жүрүшү төмөнкү багыттар боюнча каралат:

  • НПИСтин климаттык компоненти;
  • коомчулуктарды социалдык мобилизациялоо жана институционалдаштыруу процесси;
  • жашоо каражаттарын колдоо программасын ишке ашыруу;
  • НПИСтин алкагындагы каржылык башкаруу жана сатып алуулар маселелери;
  • мониторинг жана баалоо (МжБ) иш-чаралары;
  • онлайн-платформа жана маалыматтык системада коомчулуктар менен коммуникация жана өз ара аракеттенүү маселелери;
  • социалдык жана экологиялык башкаруу боюнча маселелер.

Миссиянын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын командасы ошондой эле Кыргыз Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырууда.