Нарын облусунда коомдук угуулар өткөрүлдү
“Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы – Кошумча каржылоону” (Программа) ишке ашыруунун алкагында ичүүчү суу системаларын куруу пландалып жаткан Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу бир катар айылдарда коомдук угуулар өткөрүлдү.
2025-жылдын 3-февралынан 6-февралына чейин Кочкор районунун Ормон-Хан айылдык аймагынын Семиз-Бел жана Тендик айылдарынын, Кум-Дөбө айылдык аймагынын Арсы айылынын, Чолпон айылдык аймагынын Эпкин айылынын жана Кара-Суу айылдык аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын жергиликтүү тургундарынын катышуусунда коомдук угуулар болуп өттү.
Угуулардын жүрүшүндө ишке ашырылып жаткан Программа боюнча жалпы маалымат берилип, анда катышуучулар Программанын максаттары жана милдеттери менен таанышышты. Коомдук угуулардын катышуучуларына институционалдык өнүктүрүү, санитария жана гигиена, кайтарым байланыш механизмдери, экологиялык жана социалдык коргоо чаралары боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары, аталган айылдардагы ичүүчү суу системаларын куруу мезгилинде айлана чөйрөнү коргоону башкаруу пландары көрсөтүлдү. Долбоорлоо мекемесинин өкүлдөрү тарабынан катышуучуларга келечектеги ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын схемалары , ошондой эле долбоордук чечимдери сунушталды.
Талкуулардын жыйынтыгында, жогоруда аталган айылдардагы ичүүчү суу системаларын куруу учурунда айлана чөйрөнү коргоону башкаруу пландары жана суу менен камсыздоо системаларынын схемалары, ошондой эле долбоордук чечимдери катышуучулар тарабынан бир добуштан жактырылды.
Программа Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү багытындагы стратегиялык документтерди ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти аткаруучу, ал эми АРИС ишке ашыруучу агенттик катары иш алып барууда.


