07 Ноябрь 2025

ПУТС: жылуулук менен камсыздоо жана энеронатыйжалуулукту жакшыртуу иш жүзүндө

 

 

Бишкек, Кыргызстан. — «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун (ПУТС) жыйынтыктоочу конференциясы өтүп, анда долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, жетишилген натыйжалар боюнча тажрыйба алмашуу болду.

Долбоордун негизги максаты — мектептер, бала бакчалар, ооруканалар жана башка социалдык мекемелер сыяктуу коомдук имараттардын энергонатыйжалуулугун жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу. Бул объектилер күн сайын миңдеген балдарды, ата-энелерди, мугалимдерди, дарыгерлерди жана бейтаптарды кабыл алгандыктан, алардын коопсуздугун, ыңгайлуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ.

Конференцияга долбоордун негизги өнөктөштөрү жана бенефициарлары катышты:

  • Бектен Доолотов, Дүйнөлүк банктын энергетиканы өнүктүрүү боюнча адиси;
  • Марс Наспеков, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун  (АРИС) аткаруучу директору;
  • ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү коомчулуктардын өкүлдөрү.

Катышуучулар жетишилген жыйынтыктар боюнча отчетторду жана презентацияларды сунуштап, ийгиликтүү окуялар менен бөлүшүп, инфраструктуранын энергонатыйжалуулугун жана туруктуулугун мындан ары жогорулатуу боюнча кийинки кадамдарды талкуулашты.

«Биз ПУТС долбоору олуттуу натыйжаларга жетишкенине сыймыктанабыз, — деп белгиледи АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспеков. — Бүгүн биз жылуулук менен камсыздоо системаларын модернизациялоо жана энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүү адамдардын жашоо сапатына түздөн-түз таасир этип жатканын көрүп жатабыз. Бул мектептерде жана ооруканаларда ыңгайлуу шарттарды түзүп, инфраструктуранын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, мамлекет, эл аралык институттар жана жергиликтүү коомчулуктар ортосундагы өнөктөштүктүн натыйжалуулугун тастыктайт».

Долбоордун алкагында көптөгөн имараттарда комплекстүү иштер жүргүзүлдү: имараттарды жылуулоо, жылуулук системаларын модернизациялоо, эскирген коммуникацияларды алмаштыруу жана заманбап энергияны үнөмдөөчү жабдууларды орнотуу. Натыйжада кыш мезгилинде класстарда жана ооруканалардын палаталарында жылуу болуп, жылытуу чыгымдары азайып, ички микроклимат туруктуураак жана ден соолукка пайдалуу болуп калды.

Имараттардын сейсмикалык туруктуулугун жогорулатууга да өзгөчө көңүл бурулду: конструкциялар бекемделип, жабуулар жана көтөрүүчү дубалдар күчөтүлүп, мүмкүн болгон жер титирөөлөргө туруктуулугу бааланды. Бул чаралар пайдаланучулардын коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге имараттардын кызмат мөөнөтүн узартат.

Долбоор заманбап, энергия натыйжалуу жана коопсуз инфраструктураны түзүү жолундагы маанилүү кадам болуп калды. Мындай инфраструктура адамдарга кызмат кылып, алардын жашоосун ыңгайлуу жана туруктуу кылат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоору Дүйнөлүк банктын жана Швейцария өкмөтүнүн Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Долбоорду ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу.