Коомдоштуктардын демилгеси боюнча Улуттук долбоордун Координациялык комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү
Бүгүн, 16-январда, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун төрагалыгы алдында 2025–2029-жылдарга эсептелген Коомдоштуктардын демилгеси боюнча Улуттук долбоордун (КДУД) Координациялык комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү.
Жыйынды ачып жатып, Чоро Сейитов долбоордун өлкөнүн аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдөгү негизги ролун белгиледи. Анын айтымында, КДУД экономиканын артыкчылыктуу тармактарын камтып, максаттуу жамааттардын экономикалык жыргалчылыгын жана жашоо сапатын реалдуу жакшыртууга багытталган. Мында аялдарды жана жаштарды колдоого өзгөчө басым жасалат.
Министрдин биринчи орун басары долбоордун климаттын өзгөрүшүнө туруктуу жана технологиялык чечимдерди киргизүүгө багытталган багытына өзгөчө көңүл бурду.
«Климаттын өзгөрүшү шартында алдын алуучу чараларга басым жасоо зарыл. Биз алдын ала даяр болушубуз керек. Жыл сайын жаан-чачындын көлөмү азайып жатат, ошондуктан климаттык тобокелдиктерге эң туруктуу долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү», — деп белгиледи Чоро Сейитов.
Өз кезегинде долбоордун координатору Майрамбек Баялиев КДУДдун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын сунуштап, учурдагы жылга карата пландар менен тааныштырды. Долбоор 2025-жылдын экинчи кварталында башталып, отчеттук жыл ичинде 1 млн АКШ доллары өздөштүрүлгөн. 2026-жылы 2 млн АКШ долларын өздөштүрүү пландалууда.
Майрамбек Баялиев билдиргендей, долбоорлор төмөнкү негизги багыттар боюнча ишке ашырылууда: айыл чарба, саламаттыкты сактоо, электр энергиясы менен камсыздоо, ошондой эле социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана жакшыртуу. Климатка багытталгандык жөнүндө сөз кылып жатып, тандалып алынган долбоорлор кеминде 70% климаттык адаптация талаптарына жана жок дегенде 80% климаттык чакырыктарга туруктуулук критерийлерине жооп бериши керектигин баса белгиледи.
«Бүгүнкү күнгө чейин климаттын өзгөрүшү боюнча 400 ыктыярчы тандалып алынып, окутулду. Алдыда алар жер-жерлерде климаттык тобокелдиктер жана аларга ыңгайлашуу чаралары боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт», — деди долбоордун координатору.
Жыйынтыктап жатып, Чоро Сейитов Улуттук долбоор беш жылга эсептелгенин эске салды. Өлкөнүн экономикасынын өсүү темптерин жана оң өнүгүү динамикасын эске алуу менен, КДУДду ыкчам ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, тиешелүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле долбоордун алкагында ишке ашырылып жаткан демилгелер менен жеринде таанышуу үчүн көчмө иш-чара уюштуруу тапшырмасы берилди. Жыйындын жыйынтыгы менен долбоордун 2025-жылдагы аткарылышынын жыйынтыктары жана 2026-жылга карата иш планы бекитилди.
Маалымат үчүн:
Жамааттык демилгелер боюнча Улуттук долбоордун жалпы координациясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алкагында, Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Долбоорду ишке ашыруучу орган — Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги.
Долбоор өлкөнүн баардык облустарындагы 40 райондун 40 айылдык аймагын камтыйт. Каржылоонун жалпы көлөмү 27 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 25 млн АКШ доллары Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 50 жылдык мөөнөткө пайызсыз жеңилдетилген кредит катары, ал эми 2 млн АКШ доллары гранттык негизде берилет.


