08 Октябрь 2025

Нарын программасын колдоо боюнча АӨБ миссиясы башталды

 

 

2025-жылдын 7-октябрында Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасынын негизги жана кошумча каржылоосун ишке ашыруунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы ишин баштады. Аптанын ичинде Программаны ишке ашыруунун негизги механизмдери каралат.

2025-жылдын 8-октябрында АӨБ миссиясынын өкүлдөрү Нарын районундагы Учкун жана Куланак айылдарына барып, суу менен камсыздоо системасын куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш-монтаж иштерин көрүп чыгышты. Ошондой эле Учкун айылындагы Э. Токсобаев атындагы орто мектепте санитардык түйүндөрдү реабилитациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышышты.

Мындан тышкары, миссиянын өкүлдөрү Ак-Талаа районунун Баетов айылына барып, суу түтүгүн жана суу алуу курулмасын куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле Кайыңды-Булак айылында суу мунарасынын курулушун көрүп чыгышты. Иш сапардын соңунда Баетов айылындагы Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектепте санитардык түйүндөрдү оңдоо иштеринин жүрүшү каралды.

Миссиянын курамына төмөнкү өкүлдөр кирди:
(i) Джия Хиёнхонг айым, шаардык өнүгүү боюнча башкы адис, миссиянын жетекчиси (SD2-WUD);
(ii) Ноэль Дианн Ласпиньяс айым, долбоорлор боюнча кенже адис (SD2-WUD);
(iii) Айнагүл Аманова айым, долбоорлор боюнча улук адис (SD2-WUD);
(iv) Жамиля Батаева, долбоордун кенже аналитиги (KYRM);
(v) Лизандро Ракома мырза, коргоо чаралары боюнча адис (айлана-чөйрө) (OSFG);
(vi) Реден Джон Т. Барлосо мырза, коргоо чаралары боюнча улук адис (айлана-чөйрө) (OSFG);
(vii) Софио Оманадзе айым, коргоо чаралары боюнча адис (социалдык маселелер) (OSFG);
(viii) Наргиза Кудайбердиева айым, коргоо чаралары боюнча кызматкер (социалдык маселелер) (OSFG);
(ix) Асель Мырзабекова айым, консультант, Гендердик теңчилик бөлүмү (CCGE), Климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү департаменти (CCSD).

АӨБ тарабынан каржыланган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасы облус боюнча 43 айылды камтыйт. Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгында 100 000ден ашык адамдан турган облустун калкы жакшыртылган суу булактарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, коопсуздук талаптары сакталган суу менен камсыздоо кызматтарын колдонгон калктын үлүшү көбөйөт. Ошондой эле мектептерде, бала бакчаларда жана саламаттык сактоо мекемелеринде санитардык түйүндөр оңдолуп, пилоттук үй чарбалары жергиликтүү агынды сууларды тазалоочу курулмаларга туташтырылат.