АӨБдүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору Нарын облусуна барды
2025-жылдын 9-октябрында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору мырза Жэнг Ву АӨБ тарабынан колдоого алынган долбоорлордун объектилерине уюштурулган медиа-турдун алкагында Нарын облусуна иш сапары менен барды.
Медиа-турдун жүрүшүндө Жэнг Ву мырза АӨБдүн командасы жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кыя айылында суу менен камсыздоо системасын аяктоо жана пайдаланууга берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышышты. Бул айылдагы иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Учурда 90 метр тереңдикте скважина бургуланып, 60 метр тереңдикте насос орнотулган. Көлөмү 25 м³ болгон суу мунарасы орнотулду. Сууну зыянсыздандыруу үчүн бактерициддик жабдуу коюлган. Ичүүчү сууну даярдоо максатында бактерициддик жабдуунун имаратында атайын суу тазалоочу жабдуулар орнотулган. Айылдагы суу түтүк тармагынын жалпы узундугу 6,4 км түзөт. Тармакта 48 кудук орнотулуп, аларга үй чарбаларын туташтыруу үчүн бөлүштүрүүчү түйүндөр жайгаштырылган.
Медиа-турдун жүрүшүндө катышуучулар Программанын ишке ашырылышынын өзгөчөлүктөрү, Нарын облусунун тургундары үчүн анын пайдалары менен таанышып, ошондой эле Программанын түз бенефициарлары менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Бул Программа Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан ишке ашырылып, Нарын облусундагы 43 айылды камтыйт. Программанын жыйынтыгында облус боюнча 100 миңден ашуун тургун жакшыртылган суу булактарына жеткиликтүүлүк алат. Мындан тышкары, коопсуздук талаптарына жооп берген суу менен камсыздоо кызматтарын пайдаланган калктын үлүшү көбөйөт. Ошондой эле бир катар бала бакчаларда, мектептерде жана саламаттык сактоо мекемелеринде санитардык түйүндөр оңдолот, ал эми пилоттук үй чарбалары жергиликтүү саркынды сууларды тазалоочу курулмаларга туташтырылат.


