17 Февраль 2026

НПИС долбоорунун алкагында Жеке мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүүнү жана кеңейтүүнү колдоо боюнча программа ишке ашырылат

 

Бишкекте 2026-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул иш-чара Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун  алкагында Жеке мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүүнү жана кеңейтүүнү колдоо программасын ишке ашыруу боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн башталышын белгиледи.

Меморандумга Кыргыз Республикасынын агартуу министри Д.Ш. Кендирбаева жана АРИСтин Аткаруучу директору М.Д. Наспеков кол коюшту.

Программа мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы орундардын тартыштыгын кыскартууга, шаардык жана айылдык райондордун ортосундагы аймактык теңсиздикти азайтууга, ошондой эле балдардын мектепке чейинки билим берүүнүн сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Программаны ишке ашыруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарына шайкеш келет.

Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен жетишсиз камтуу көйгөйү актуалдуу бойдон калууда: балдардын 72,6% толук күндүк бала бакчаларында орундардын жетишсиздигине байланыштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барышпайт. Ошол эле учурда шаарларда мектепке чейинки билим берүү менен балдардын 36%га жакыны камтылган, ал эми айыл жерлеринде бул көрсөткүч орточо 22%ды гана түзөт.

Меморандумдун алкагында тараптар мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнүн төмөнкү багыттарын ишке ашыруу жөнүндө макулдашты:

  1. 40 айылдык аймакта мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн ишкер аялдарды колдоого өзгөчө басым жасоо менен жалпы 500дөн кем эмес баланы камтыган жеке мектепке чейинки билим берүү уюмдарын (ЖМБУ) түзүүнү жана кеңейтүүнү колдоо.

Колдоо механизми 10 000 АКШ долларына чейинки (эквиваленттеги) конкурстук техникалык гранттарды берүүнү, ошондой эле катышуучуларды окутуудан жана конкурстук тандоодон баштап жабдууларды сатып алууга чейин комплекстүү коштоону жана жыйынтыктардын андан аркы мониторингин карайт.

  1. Сапаттуу жана коопсуз билим берүү процессин камсыз кылуу үчүн климаттык технологияларды колдонуу менен энергиялык натыйжалуулук боюнча "В" классындагы энергетикалык сертификатты алуу менен 10дон кем эмес муниципалдык энергонатыйжалуу бала бакчаларды куруу.

 

Күтүлгөн жыйынтыктар:

долбоор камтыган максаттуу айылдарда мектепке чейинки сапаттуу билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;

аялдар үчүн туруктуу жумуш орундарын түзүү;

мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жеке секторду чыңдоо.

 

Маалымдама:

Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор (НПИС) — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жалпы координациясы менен жети облустун 40 айыл аймагында ишке ашырылуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин долбоору. Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. Ишке ашыруучу агентство болуп АРИС саналат.