Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев АРИСтин Жумгал районундагы объектилеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты
2024-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурбек Өмүрбекович Сыдыгалиев иш сапары менен Нарын облусунун Жумгал районуна барды.
Жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) Аткаруучу директору Марс Дамирович Наспековдун коштоосунда бир катар социалдык инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Тактап айтканда, Жумгал айыл аймагынын Лама айылына, ошондой эле Чаек айыл аймагынын Беш-Терек, Кичи-Арал айылдарына таза суу түтүктөрүн куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен.
Аталган айылдардагы курулуш иштери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Азия Өнүктүрүү Банкынын каржылык колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан «Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын” алкагында жүргүзүлүүдө, анын максаты Нарын облусунун айылдык калктуу конуштарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана санитардык шарттарды жакшыртуу болуп саналат.
Ошондой эле, Нурбек Сыдыгалиев Чаек айыл аймагындагы “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун (ПУТС) алкагында ишке ашырылып жаткан Т.Турсунбаев атындагы мектеп-гимназиясында энергетикалык натыйжалуулукту жана сейсмикалык туруктуулукту жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.
Бул Долбоор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Дүйнөлүк банктын жана Швейцария Өкмөтүнүн Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын каржылык колдоосунда АРИС тарабынан тандалып алынган социалдык объектилерде жылуулук менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү максатында ишке ашырылууда..
Жыйынтыгында айыл өкмөт башчылары жана подряддык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, анда курулуш иштерин бекитилген планга ылайык тез арада жүргүзүү талаптары айтылды.