Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы жыйынтыкталды
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунда Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясы менен жыйынтыктоочу жолугушуу болуп өттү.
2025-жылдын 6–10-октябрь күндөрү өткөн миссиянын жүрүшүндө АӨБ өкүлдөрү Нарын районундагы Учкун жана Куланак айылдарын, ошондой эле Ак-Талаа районундагы Баетово жана Кайыңды-Булак айылдарын кыдырып чыгышты. Бул аймактарда учурда суу менен камсыздоо системасын куруу жана социалдык объектилердеги санитардык курулмаларды реабилитациялоо боюнча курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат.
2025-жылдын 10-октябрында өткөн жыйынтыктоочу жолугушууда АӨБ жана АРИС өкүлдөрү аткарылган иштерди талкуулап, Программаны ийгиликтүү жана натыйжалуу ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.
Жолугушууда АӨБдүн шаардык өнүктүрүү боюнча башкы адиси, миссиянын жетекчиси Джия Хиёнхонг айым миссиянын алкагындагы иш процессин уюштурууда көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Программанын ишке ашырылышы графикке ылайык жана тийиштүү деңгээлде жүрүп жатканын белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Джия Хиёнхонг айым өз милдеттерин долбоорлор боюнча улук эксперт Айнагүл Аманова айымга өткөрүп берери маалым болду. Ал Программанын ийгиликтүү аяктаганга чейин мындан аркы ишке ашырылышын координациялайт.
АРИСтин аткаруучу директору Марс Дамирович Наспеков Джия Хиёнхонг айымдын Программаны ишке ашырууга кошкон олуттуу салымын, айрыкча кошумча каржылоону тартууга кошкон салымын белгиледи. Бул Нарын облусундагы 100 миңден ашуун тургунду суу менен камсыздоо системасы менен камтууга мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле ал энергия натыйжалуулугун жогорулатууга жана катуу тиричилик калдыктарын башкарууну жакшыртууга багытталган жаңы инвестициялык долбоорлордун демилгечиси болгон.
Жыйынтыгында, калктын санитардык-гигиеналык жашоо шарттарын жакшыртууга жана суу менен камсыздоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Джия Хиёнхонг айым АРИСтин төш белгиси менен сыйланды.
Катышуучулар калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү багытында кызматташууну мындан ары да активдүү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.


