15 Январь 2026

АРИС: АӨБ жана ИӨБ суу менен камсыздоо долбоорлорунда жыйынтыкка негизделген каржылоону киргизүүнү талкуулашты

 

 

2025-жылдын 15-январында Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ), Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуу өттү. Жолугушуу суу менен камсыздоо жана санитария секторундагы долбоорлорду ишке ашырууда инновациялык ыкмаларды талкуулоого арналды.

Жолугушуунун негизги темасы — Ислам өнүктүрүү банкын Кыргыз Республикасында жыйынтыкка негизделген каржылоо (ЖНК) механизминин колдонулушу боюнча практикалык тажрыйба менен тааныштыруу болду. Айрыкча, Нарын облусунда ишке ашырылып жаткан «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы» (ПРСВСНО) алкагында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан колдонулган бул механизмдин ийгиликтүү жыйынтыктары өзгөчө кызыгуу жаратты. Программанын алкагында ЖНК механизмин колдонуу каражаттарды пайдалануунун жогорку натыйжалуулугун, ачыктыгын жана жетишилген жыйынтыктардын туруктуулугун көрсөттү.

Талкуунун жүрүшүндө Ислам өнүктүрүү банкы 2026-жылы Жалал-Абад облусунда ишке ашырылышы пландалып жаткан жаңы суу менен камсыздоо долбоорун даярдоодо жыйынтыкка негизделген каржылоо механизмин колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө ниетин билдирди.

Жолугушууга төмөнкүлөр катышты:

  • Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү: Цезарь Льоренс, Юто Хякукан;
  • Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү: Бекзод Пармонов, Ибрагим Шукри, Давуд Ашраф;
  • АРИСтин өкүлдөрү: Марс Наспеков, Улан Байгончоков, Тимур Маралбаев, ошондой эле ПУСВС БТ жана ПРСВСНО долбоорлорунун адистер командасы.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу жана өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө боюнча өз ара кызыкдар экенин белгилешти.