22 Январь 2026

АРИСтин аткаруучу директору Күрмөнтү айылындагы суу менен камсыздоо объектисине барды

 

Бүгүн, 2026-жылдын 22-январында, АРИСтин аткаруучу директору М.Д. Наспеков жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл облусундагы Күрмөнтү айылында курулуп жаткан суу менен камсыздоо системасынын жүрүшү менен таанышты. Долбоор «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» (ПУРСВС) долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Жумушчу сапарга ПУРСВС долбоорунун координатору Э. Корчубай уулу жана долбоордун адистери катышты. Сапардын жүрүшүндө подрядчы уюмдар менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлүп, объекттин учурдагы абалы, иштердин мөөнөттөрүн сактоо жана аткарылып жаткан иштердин сапаты талкууланды.

Түп районунда ишке ашырылып жаткан «Күрмөнтү» чакан долбоору Күрмөнтү жана Ак-Булак айылдарын камтып, 4,7 миңден ашуун тургундун суу менен камсыз болушун жакшыртууга багытталган. Учурда объекттин даярдык деңгээли 95 пайыздан ашып, негизги иштер аяктоо баскычында турат.

Мындан тышкары, «Күрмөнтү» чакан долбоорунун алкагында биринчи жолу жергиликтүү тазалоочу курулма жана канализациялык тармактарды куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул калктуу конуштун санитардык абалын олуттуу жакшыртып, агынды сууларды экологиялык жактан коопсуз чогултуу жана тазалоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Долбоордун ишке ашырылышы менен таанышкандан кийин М.Д. Наспеков төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Биздин милдет — суу менен камсыздоо системасын куруу менен гана чектелбестен, анын жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгы үчүн узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу».