АРИСтин аткаруучу директору Баткен облусундагы ПРЭР-2 долбоорунун объектилерин текшерди
Баткен облусу, 2025-жылдын 11-сентябры — Кыргыз Республикасынын Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) аткаруучу директору М.Д. Наспеков иш сапарынын алкагында Баткен облусунда курулуп жана реконструкцияланып жаткан бир катар социалдык объектилерди көрүп чыкты.
Бул объектилер Экинчи «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорунун (ПРЭР-2) алкагында ишке ашырылууда.
Сапардын жүрүшүндө АРИСтин аткаруучу директору Баткен шаарындагы «Жаштык» жана «Жеңиш» сейил бактарын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле Тайлан айылындагы 90 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышты.
Учурда бул объектилерде негизги курулуш иштери аткарылып бүттү:
Бала бакчада:
- кирпич коюу иштери аткарылды;
- шыбак иштер жүргүзүлдү;
- инженердик тармактар тартылды.
Сейил бактарда:
- фонтан орнотулду;
- флагшток коюлду;
- скейт-парк курулду;
- инженердик тармактар тартылды.
Учурда брусчатка төшөө, ирригация, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин башка элементтери активдүү жүргүзүлүүдө.
Подряддык уюмдар менен биргеликте курулуш иштеринин этаптары, ошондой эле белгиленген мөөнөттөрдү жана сапат талаптарын сактоо боюнча чаралар талкууланды.
«Сейил бактарды реконструкциялоо жана бала бакча куруу Баткен облусунун тургундары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Биздин негизги милдет — иштерди сапаттуу жана өз убагында аяктоо, ошондо эл бул объектилерди мүмкүн болушунча эртерээк пайдалана алат», — деп белгиледи М.Д. Наспеков.
Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Экинчи «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорунун (ПРЭР-2) алкагында жүргүзүлүп, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жана АРИС тарабынан ишке ашырылууда.


