Климат жана суу — эл аралык диалогдун борборунда: Бишкекте AAWCнин 2-тегерек столу өттү
Бишкек, 2025-жылдын 30-июлу — Asia Water Council катышуусу менен Суу маселелери боюнча парламенттердин Азия консультативдик кеңешинин (AAWC) ишмердүүлүгүнүн алкагында климат жана суу ресурстары боюнча 2-тегерек стол ийгиликтүү өттү.
Иш-чарага Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин өкүлдөрү, министрликтер, эл аралык уюмдар жана ири суу компаниялары катышып, климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу маселелерин талкуулашты. Жыйынга AAWCнин президенти Чон Э Хан айым (Jeoung-ae Han) катышты.
Кыргыз Республикасы тарабынан төмөнкү өкүлдөр катышты:
- Б.Э. Торобаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жайы министри;
- Н. Тургунбек уулу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы;
- Д.Э. Толонов, Жогорку Кеңештин депутаты, AAWCнин вице-президенти;
- Кыргыз Республикасынын Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) делегациясы аткаруучу директор М.Д. Наспековдун жетекчилиги алдында, ошондой эле суу долбоорлорунун координаторлору.
Тегерек столдун алкагында АРИСтин ПУРСВС долбоорунун координатору Э. Корчубай уулу «Кыргызстандагы инвестициялык климат жана өнүгүү стратегиясы» темасында презентация жасап, өнөктөштүккө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин белгиледи.
Иш-чарага ошондой эле Кореянын мамлекеттик жана жеке түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты, алардын ичинде K-Water, GGGI, KOICA, KRC, K-eco жана инновациялык суу технологияларын сунуштаган компаниялар бар.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:
- эл аралык долбоорлор жана каржылоо боюнча сессия;
- өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жана жаңы демилгелер боюнча талкуу;
- Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү менен кореялык суу компанияларынын ортосунда ишкердик жолугушуулар.
АРИС делегациясы K-Water жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрүп, суу жана климат тармагында өнөктөштүктү тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Бул иш-чара суу ресурстарын туруктуу пайдалануу жана климаттык саясат жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды.


