22 Декабрь 2025

Нарын облусунда ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынын абоненттери менен иштөөнү уюштуруу боюнча тренингтер өткөрүлдү

2025-жылдын 17–19-декабрь күндөрү Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында «Ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынын абоненттери менен иштөөнү уюштуруу» темасында үч күндүк тренингтер өткөрүлдү. Тренингтер Нарын районунун Учкун, Куланак жана Жергетал айылдарында айыл өкмөттөрүнүн, муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин, ошондой эле суу комитеттеринин жана демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн, жалпысынан 75 адамдын, анын ичинде 43 аялдын катышуусунда өттүү.

Иш-чаранын негизги максаты — муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин, суу комитеттеринин өкүлдөрүнүн, айыл башчыларынын жана айыл активинин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, абоненттер менен иштөөнү жакшыртуу жана ичүүчү сууну натыйжалуу пайдалануу жайылтуу.

Тренингтердин жүрүшүндө катышуучулар абоненттер менен иштөөнү уюштуруу, сууну керектөөнү жана эсепке алууну жүргүзүү, төлөмдөрдүн өз убагында жыйналышын камсыз кылуу, ошондой эле ичүүчү сууну рационалдуу пайдалануу боюнча коомчулук менен иштөө маселелери менен таанышышты. Мындан тышкары, муниципалдык ишканалардын финансы-экономикалык ишмердигинде колдонулуучу мыйзамдык жана ченемдик документтер каралды. Окутуу программасында документтер менен иштөө, топтук иштер, ийгиликтүү тажрыйбаларга негизделген кейс-стадилер жана талкуулар камтылды. Ал эми тренингдин натыйжалуулугун баалоо максатында катышуучулар үчүн пре-тест жана пост-тест өткөрүлдү.

Жыйынтыгында катышуучулар алган билимдерин жана сунуштарды айыл жергесиндеги ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын башкарууда жана абоненттер менен иштөөнү жакшыртууда колдонууга мүмкүнчүлүк алышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу алкагында болуп өттү. Программа, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып, Нарын облусунун 43 айылындагы 100 000ден ашуун калкын жакшыртылган суу булактарына жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Ошону менен бирге, коопсуздук талаптарын сактоо менен уюштурулган суу менен камсыздоо кызматтарын колдонгон калктын үлүшү көбөйөт, бала бакчаларда, мектептерде жана саламаттыкты сактоо уюмдарында дааратканалар калыбына келтирилет, пилоттук түрдө айрым үй чарбалар саркынды сууларды тазалоочу локалдык курулмаларга кошулат.