30 Январь 2026

Нарын программасын ишке ашыруу маселелери боюнча Ведомстволор аралык координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинде “Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын (негизги жана кошумча каржылоо)” ишке ашыруу маселелери боюнча Ведомстволор аралык координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйын Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин төрагасы Азамат Жанышбекович Шадмановдун төрагалыгы алдында өттү.

Жыйында 2025-жылга карата Программаны ишке ашыруунун жүрүшү боюнча отчет угулду. Анын алкагында айылдык калктуу конуштарда ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын куруу боюнча жетишилген жыйынтыктар, ошондой эле социалдык мекемелерде санитардык түйүндөрдү реабилитациялоо боюнча аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, жыйында институционалдык өнүгүү багытындагы, санитария жана гигиена жаатында жүргүзүлгөн иш-чаралар, ошондой эле отчеттук мезгил ичинде Программанын алкагында иштеген Кайтарым байланыш  механизминин натыйжалуулугу талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгында Кеңештин мүчөлөрү 2025-жылга карата Программанын алкагында аткарылган жумуштар боюнча отчетту бир добуштан жактырышты жана мындан аркы иш-чараларды координациялоону улантуу боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

Маалымат үчүн:

Ведомстволор аралык координациялык кеңеш Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында жалпы координациялоону жүргүзөт. Программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Кеңештин курамына Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Программанын координатору кирет.