ПРЭР: Чакан гранттар программасынын кошумча тандоосунун жеңүүчүлөрү менен макулдашууларга кол коюлду
2026-жылдын 16-мартында, Ош шаары — Ош шаарында биринчи «Регионалдык экономикалык өнүгүү» долбоорунун (ПРЭР) алкагында ишке ашырылып жаткан Чакан гранттар программасынын (ЧГП) кошумча тандоосунун жеңүүчүлөрү менен гранттык макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Ош облусунун бардык райондорунан конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн жана долбоордун колдоосу менен өз бизнес-долбоорлорун ишке ашырууга даяр экендигин тастыктаган 62 ишкер катышты.
Аземге Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, АРИСтин, ошондой эле программаны коштоп жаткан Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү борборунун (ЖЖӨБ) өкүлдөрү катышышты.
Аземде сөз сүйлөгөн АРИСтин жана Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү тандалып алынган долбоорлордун жогорку потенциалын, аялдар жана жаштар ишкерлигинин олуттуу үлүшүн, ошондой эле аймактын социалдык-экономикалык өсүшү үчүн туризм багытын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Өз кезегинде грант алуучулар берилген мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өз жамааттарын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Маалымат үчүн: Чакан гранттар программасы Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Регионалдык экономикалык өнүгүү» долбоорунун (ПРЭР) алкагында ишке ашырылууда жана Ош облусунда негизги муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга, айыл чарбасындагы кошумча нарк чынжырларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.


