23 Январь 2026

ПУРСВС: АРИСтин аткаруучу директорунун Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары

 

 

Ысык-Көл облусу, 2026-жылдын 23-январы — «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорун (ПУРСВС) ишке ашыруунун алкагында АРИСтин Аткаруучу директору М.Д. Наспеков ПУРСВС долбоорунун координатору Э. Корчубай уулу менен бирге Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды.

Сапардын жүрүшүндө ПУРСВС долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарында ишке ашырылып жаткан Кичи-Өрүктү жана Кароол-Дөбө чакан долбоорлорунун объекттери каралды. Долбоор объекттеринде курулуш-монтаждоо иштеринин активдүү жүрүшү байкалууда, айрым багыттар боюнча даярдыктын жогорку деңгээлине жетишилип, айрым иш-чаралар толук көлөмдө аткарылган. Долбоор үч компонент боюнча толук ишке ашырылууда.

Жумушчу сапардын алкагында М.Д. Наспеков подрядчы уюмдар менен жолугушууларды өткөрүп, анда аткарылып жаткан иштердин жүрүшү, алардын сапаты жана долбоордун кийинки этаптарын ишке ашыруу пландары кеңири талкууланды. Долбоордук чечимдерди, курулуш ченемдерин жана стандарттарын так сактоонун зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле түзүлүп жаткан ичүүчү суу менен камсыздоо жана санитария системаларынын туруктуулугуна өзгөчө көңүл бурулду. Инфраструктуралык жана институционалдык иш-чараларды параллелдүү жүргүзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленип, анын ичинде үй чарбаларында суу эсептегич приборлорун орнотуу жана объекттерди мындан ары эксплуатациялоо үчүн персоналды даярдоо маселелери каралды. Бул чаралар курулуш иштери аяктагандан кийин системалардын узак мөөнөттүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган.

Жумушчу сапардын жыйынтыгында М.Д. Наспеков подрядчы уюмдарга жана жооптуу тараптарга тиешелүү сунуштарды берип, жакынкы мезгилге карата артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи.