Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн жумушчу сапары: Чүй облусундагы инфраструктуралык объекттерге мониторинг жүргүзүлдү
2026-жылдын 24-январында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жумушчу сапардын алкагында Чүй облусунда жайгашкан бир катар объекттерге барып, калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүштү.
Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн курамында:
• Фелипе Гойя — Европа жана Борбор Азия аймагындагы сатып алуулар боюнча регионалдык менеджер;
• Чжэнту Лю — Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сатып алуулар боюнча топтун жетекчиси;
• Ирина Гончарова — сатып алуулар боюнча улук адис.
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунан (АРИС) иш-чарага төмөнкүлөр катышты:
• Асель Мамбеткулова — аткаруучу директордун орун басары;
• Эрлан Корчубай уулу — ПУРСВС долбоорунун координатору;
• Нурланбек Ниязбеков — ПУТС долбоорунун координатору.
Жумушчу сапарга ошондой эле Дүйнөлүк банктын адистери жана АРИСтин долбоордук командаларынын кызматкерлери катышты.
Сапардын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун (ПУРСВС) алкагында ишке ашырылып жаткан «Кайырма» чакан долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун (ПУТС) алкагында модернизацияланган №5 «Алтын Балалык» бала бакчасына барышты.
Чүй облусунун Кайырма айылында делегация суу алуу аянтчасын көрүп, суу менен камсыздоо системасын модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш-монтаж иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мындан тышкары, долбоордун алкагында субгрант алган үй чарбасына да барышты.
Ошондой эле Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кайырма атындагы орто мектепке барышты. Бул мектепте ПУРСВС долбоорунун алкагында мурда санитардык шарттарды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп, ички санитардык түйүндөр жана септик курулган. Мындан тышкары, «ПСИ-3 кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында мектептин ашканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Бул иштер окуучулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана гигиеналык талаптарга жооп берген билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.
Сапардын алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Чүй облусунун Новопокровка айылындагы №5 «Алтын Балалык» бала бакчасынын имаратында ишке ашырылган энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоордун жыйынтыктары менен да таанышты.
Долбоордун алкагында имаратты жылуулоо, терезелерди жана эшиктерди алмаштыруу, жылытуу жана желдетүү системаларын модернизациялоо боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлгөн. Ошондой эле имараттын сейсмотуруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралар көрүлгөн. Кошумча түрдө санитардык түйүндөр жана ички жайлар оңдолуп, балдардын жана кызматкерлердин болуу шарттары жакшыртылган.
Белгилей кетсек, ПУРСВС, ПУТС жана ПСИ-3 кошумча каржылоо долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.


