Раззаков шаарындагы иш сапары: ПРЭР-2 долбоорунун алкагында социалдык объектилердин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлдү
2026-жылдын 21-февралы, Раззаков шаары.
Иш сапарынын алкагында Раззаков шаарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун өкүлдөрү барып, Баткен облусундагы «Экинчи региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоорунун (ПРЭР-2) алкагында курулуп жаткан социалдык объектилердин ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Ажибаев Ч.И., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жороев И.Э., Раззаков шаарынын мэри Жоробаев А.С., АРИСтин Аткаруучу директору Наспеков М.Д., ошондой эле ПРЭР-2 долбоорунун координатору Джумабеков Г.К. катышты.
Иш сапардын жүрүшүндө делегация Тайлан айылында болуп, 90 орундуу бала бакчанын курулуш иштери менен таанышты. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 90 % аяктады. Бул объекттин ишке берилиши мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп, балдардын тарбияланышы жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн заманбап шарттарды түзөт.
Ошондой эле иш сапардын катышуучулары 225 окуучуга ылайыкталган Жороев атындагы мектептин курулушун көрүп чыгышты. Учурда объектте курулуш-монтаждоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Жаңы билим берүү мекемеси заманбап курулуш жана билим берүү стандарттарына жооп берип, окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат.
Иш сапардын алкагында жергиликтүү тургундар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Талкуулардын жүрүшүндө долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жана курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу маселелери каралды.
АРИСтин Аткаруучу директору Марс Наспеков бардык объектилерди белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо жана курулуш нормалары менен стандарттарын так сактоо зарылдыгын белгиледи. Ал аталган долбоорлор Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга түздөн-түз өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, ПРЭР-2 долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) долбоорду ишке ашыруучу агенттик болуп саналат.


