11 Декабрь 2025

Семинар: «АРИС долбоорлорунун алкагындагы сатып алуулар: актуалдуу ыкмалар жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү»

 

Бишкек шаары, 2025-жылдын 10-декабры

АРИС бизнес-коомчулук үчүн семинар өткөрдү. Иш-чаранын максаты — АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан жана пландалып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берүү, ошондой эле товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алуу боюнча алдыдагы тендерлер тууралуу тааныштыруу болду. Жеке сектордун өкүлдөрүн тартуу бизнес коомчулугунун долбоорлорду ишке ашырууга кеңири катышуусуна, ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатууга, ошондой эле товарлардын жана кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Семинарга банк секторунун өкүлдөрү, курулуш уюмдары, товар жеткирүүчүлөр, консалтинг жана камсыздандыруу компаниялары, ошондой эле башка потенциалдуу өнөктөштөр жана кызыкдар тараптар катышты.

АРИСтин аткаруучу директорунун орун басары Асель Мамбеткулова агентствонун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, социалдык инфраструктураны, айыл чарбасын, туризмди, суу менен камсыздоону жана башка тармактарды жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууда квалификациялуу жеткирүүчүлөрдүн, подрядчылардын жана консультанттардын катышуусун кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле АРИС долбоорлорунун ишмердүүлүгү туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келери айтылды.

Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинин сатып алуулар боюнча улук адиси Ирина Гончарова өз сөзүндө Дүйнөлүк банктын долбоорлору өлкөнүн регионалдык экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи. Ал сатып алуулар процессинин негизги принциптерине — баа менен сапаттын эң мыкты катышын камсыз кылуу, үнөмдүүлүк, натыйжалуулук, адилеттүүлүк, ачык-айкындуулук, ачык жана таза атаандаштык, ошондой эле ак ниеттүүлүк кирерин баса белгиледи. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлордо товарларды жеткирүү, иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүүдө бизнестин активдүү катышуусунун мааниси да белгиленди.

АРИСтин адистери алдыдагы долбоорлор жана тендерлер тууралуу кеңири маалымат беришти. Алар курулуш иштерине, атайын техникаларды сатып алууга, мектептер жана бала бакчалар үчүн эмеректерге, лабораториялык жабдууларга жана башка багыттарга тиешелүү.

АРИСтин экологиялык жана социалдык маселелер боюнча адиси Уланбек Чоноев семинардын катышуучуларына айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык чаралар планын сактоонун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ал экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди өз убагында аныктоо, эмгекти коргоо талаптарын сактоо, курулуш калдыктарын туура башкаруу жана жергиликтүү жамааттардын коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө калк менен ачык өз ара аракеттенүү жана кайрылууларды ачык-айкын кароо маанилүү экени баса белгиленди.

АРИС бардык катышуучуларга активдүү катышканы, конструктивдүү диалог жүргүзгөнү жана кызматташууга болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирет. Мындай иш-чараларды өткөрүү сатып алуу процессинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле пландалып жаткан сатып алуулар жана катышуу талаптары тууралуу рынокту өз убагында маалымдоого өбөлгө түзөт.