10 Июнь 2025

Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорду колдоо максатында Дүйнөлүк банктын миссиясы башталды

 

 

9-июнда Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук  долбоорду (НПИС) ишке ашырууну колдоо максатында Дүйнөлүк банктын миссиясы өз ишин баштады.

Аптанын ичинде Кыргыз Республикасында НПИС долбоорун ишке ашыруунун негизги механизмдери талкууланат. Алардын ичинде:

  • социалдык мобилизацияны жүргүзүүнүн этаптары жана ыкмалары;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
  • потенциалды жогорулатуу иш-чаралары;
  • финансылык башкаруу жана сатып алуулар маселелери;
  • бенефициарларды долбоордун максаттары жана артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымдоо боюнча коммуникациялык стратегиялар.

Ошондой эле НПИС долбоорун ишке ашыруунун алкагында базалык изилдөө жүргүзүү маселеси каралат.

Жолугушууга Дүйнөлүк банктын миссиясынан төмөнкү өкүлдөр катышууда:

  • Кристофер Финч, социалдык өнүгүү боюнча улук адис, жумушчу топтун жетекчиси;
  • Луиза Нора, социалдык өнүгүү боюнча улук адис, жумушчу топтун жетекчиси;
  • Дамира Темирбаева, социалдык өнүгүү боюнча адис.

Белгилеп кетсек, Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук  долбоордун максаты — климаттын өзгөрүшүнө туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, ошондой эле калктын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жана кеңейтүү.

НПИС долбоорунун аткаруучу органы — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги.  Долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосуна (АРИС) жүктөлгөн.