Баткенде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү салтанаттуу аземи болуп өттү
17-декабрда Баткен шаарында бийиктиги 35 метр болгон флагштокто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү салтанаттуу аземи болуп өттү. Иш-чара аскердик оркестрдин коштоосунда өтүп, шаардын тургундары үчүн маанилүү окуяга айланды.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле шаар тургундары катышты.
Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Айбек Шаменов Мамлекеттик тууну көтөрүү Кыргыз Республикасынын суверенитетинин, улуттук биримдиктин жана келечекке болгон ишенимдин символу экенин белгиледи. Ал Мамлекеттик туу патриотизмди, жоопкерчиликти жана Мекенге болгон сүйүүнү даңазалап, өлкөнүн бардык жарандарынын биримдигин чагылдырарын баса белгиледи.
Бийиктиги 35 метр болгон флагштокту жана ага тиешелүү инфраструктураны орнотуу Баткен шаарындагы «Жаштык» жана «Жеңиш» эс алуу аймактарын реконструкциялоо долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Бул иштер шаардык чөйрөнү көрктөндүрүүгө, ыңгайлуу коомдук мейкиндиктерди түзүүгө жана аймактын социалдык инфраструктурасын чыңдоого багытталган.
Аталган иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан ишке ашырылып жаткан Экинчи «Баткен облусунда регионалдык экономикалык өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.


