НПИСтин алкагында артыкчылыктуу КНЧ аныктоо менен экономикалык ресурстарды комплекстүү баалоо жана рынокту талдоо аяктады
Изилдөөнүн максаты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына (СЭӨП) интеграцияланышы жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун механизмдери аркылуу каржыланышы мүмкүн болгон кошумча нарктын артыкчылыктуу чынжырларын (КНЧ) идентификациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын 7 облусунун 40 пилоттук айыл аймагында чийки зат, өндүрүштүк, инфраструктуралык жана рыноктук базаларды комплекстүү диагностикалоону жүргүзүү болду.
Методологиялык алкак, аналитикалык куралдар жана тыянактарды системалаштыруу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү, айыл аймактарын өнүктүрүү, кошумча нарк чынжырчалары чөйрөсүндө профилдик экспертизасы бар «БИР АЙЫЛ БИР ПРОДУКТ+1" (БАБП+1) коомдук бирикмесинин эксперттик командасы тарабынан иштелип чыгып, ишке ашырылды.
Жергиликтүү деңгээлдеги чийки зат базасын комплекстүү изилдөөлөрдүн бири үчүн айкалышкан ыкма колдонулган: онлайн-формат (структураланган анкеталар; сандык жана сапаттык маалыматтар) жана оффлайн-жолугушуулар (жеринде интервью жана фокус-топтор; маалыматтарды байкоо жана текшерүү; фермерлер жана кооперативдер менен иштөө). Ага 1800дөн ашык респондент катышты, алардын ичинде аялдар, жаштар, фермерлер, чакан жана орто ишкерлер; үй чарбалары, кооперативдер.
Изилдөө өлкөнүн айылдык экономикасы чийки зат моделинен кошумча нарк экономикасына өтүүдө кандайча өзгөрүшү керектиги жөнүндө бирдиктүү сүрөттү түзүүгө мүмкүндүк берди. Токтоп турган активдердин тобокелдиктери, рынокту эске албастан көчүрүүдөгү каталар, ошондой эле өндүрүш менен сатуунун ортосундагы ажырым эске алынды. Пилоттук айылдык аймактардын ар бири үчүн жекече талдоо жүргүзүү үчүн төмөнкүлөргө басым жасалды: суроо-талап жана продуктунун уникалдуулугу; сатуунун реалдуулугу; колдоо аяктагандан кийинки туруктуулук.
40 АА үчүн артыкчылыктуу КНЧ тандоо критерийлери:
· Экономикалык максатка ылайыктуулук (туруктуу чийки заттын болушу жана реалдуу рыноктук суроо-талап)
· Чынжырдын даярдыгы (кайра иштетүү деңгээли, ошондой эле инфраструктурага жана логистикага жеткиликтүүлүк)
· Социалдык эффект (жумуш орундарын түзүү потенциалы, ошондой эле аялдар жана жаштар үчүн жеткиликтүүлүк)
· Масштабдоо мүмкүнчүлүгү (өсүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле СЭӨП жана НПИС механизмдерине интеграция)
Изилдөөдө белгиленгендей, жаңы жумуш орундарын түзүү, калктын кирешесинин өсүшү жана туруктуу региондук өнүгүү тиешелүү сунуштарды колдонуунун күтүлгөн натыйжалары болуп калат
Маалымдама:
Отчетту даярдоо АРИСтин институционалдык колдоосунун, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айылдык аймактардын демилгелүү топторунун, жеке сектордун өкүлдөрү жана улуттук, региондук жана райондук деңгээлдеги тармактык эксперттер менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн аркасында мүмкүн болду.


