03 Февраль 2026

Дүйнөлүк банк Ош облусундагы долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты

 

2026-жылдын 3-февралында Дүйнөлүк банктын делегациясынын Ош облусуна жумушчу сапары болуп өттү. Сапардын жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган ишке ашырылып жаткан долбоорлордун объекттерине барышты.

Дүйнөлүк банктын делегациясынын курамында Самех Нагиб Вахба — Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймагындагы туруктуу өнүгүү маселелери боюнча регионалдык директору жана Хью Ридделл — Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинин жетекчиси болду. АРИС тарабынан сапарга Эрлан Корчубай уулу — ПУРСВС долбоорунун координатору жана Шайлообек Арынов — ПРЭР долбоорунун координатору, ошондой эле Дүйнөлүк банктын жана АРИСтин адистери катышты.

«Регионалдык экономикалык өнүктүрүү» долбоорунун (ПРЭР)  алкагында делегация агроөнөр жайды кайра иштетүү тармагындагы ишканаларга көрсөтүлгөн колдоонун жыйынтыктары менен таанышты. «Эко Азык» ЖЧКсы (кошумча нарк чынжыры — мөмө-жемиш продукциясы) жана «Ала-Тоо Амир» ЖЧКсы (кошумча нарк чынжыры — сүт продукциясы) каржылык жана техникалык колдоо алышкан.

Ар бир ишкана менен 35 млн сом суммасында кредиттик келишимдер түзүлүп, алардын алкагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сорттоо жана өндүрүү үчүн заманбап технологиялык жабдуулар жеткирилген. Бул чаралар өндүрүш процесстерин модернизациялоого, продукциянын сапатын жогорулатууга жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө багытталган.

Ошондой эле делегация «Айыл жергесинде суу менен камсыздоону жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагындагы «Отуз-Адыр» чакан долбоорунун резервуар аянтчасына барды. Сапардын жүрүшүндө долбоордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди, анын ичинде суу менен камсыздоо системасын модернизациялоо, муниципалдык ишкананын институционалдык потенциалын чыңдоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн жабдуулар менен камсыз кылуу, ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатуу жана калкты маалыматтандыруу боюнча иш-чаралар тууралуу айтылды.

Чакан долбоордун ишке ашырылышы Отуз-Адыр айылынын тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен туруктуу камсыз кылууга жана санитардык шарттарды жакшыртууга багытталган.

Бул сапар долбоорлордун ишке ашырылышындагы учурдагы жыйынтыктар менен таанышууга жана жеринде жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн баалоого мүмкүндүк берди.