Азия өнүктүрүү банкы менен жолугушуу: Нарын облусу үчүн жаңы этаптар жана стратегиялык чечимдер
2025-жылдын 5-декабры, Бишкек. Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясынын алкагында Нарын облусундагы айылдык суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун жүрүшүнө арналган жыйынтыктоочу жолугушуу болуп өттү.
Азия өнүктүрүү банкынын делегациясынын курамында жолугушууга төмөнкү өкүлдөр катышты: миссиянын жетекчиси, сектордук долбоорлорду администрлөө бөлүмүнүн жетекчиси Джемин Нам мырза; шаардык өнүгүү боюнча адис Юто Хякукан мырза; долбоорлор боюнча улук адис Айнагуль Аманова айым.
АРИС тараптан аткаруучу директор Марс Наспеков, аткаруучу директордун орун басары Асель Мамбеткулова, Нарын облусундагы айылдык суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасынын координатору Улан Байгончоков, ошондой эле АӨБ жана АРИСтин программанын ишке ашырылышына катышкан адистери катышты.
Талкуунун жүрүшүндө долбоорлордун учурдагы этаптарынын жыйынтыктары чыгарылып, негизги милдеттердин аткарылыш динамикасы бааланды. Ошондой эле Негизги жана Кошумча программалар боюнча мындан аркы кызматташтыктын багыттары аныкталды. Тараптар иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, инфраструктураны башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү жана жергиликтүү коомчулуктар үчүн жетишилген натыйжалардын туруктуулугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө АӨБ тарабынан Нарын программасынын жетекчилигинин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий жарыяланды: Айнагуль Аманова бул багыттагы ишин жыйынтыктап, милдеттерин Юто Хякуканга(Yuto Hyakukan) өткөрүп берет. Ал программанын аяктаганына чейин долбоорлордун мындан аркы ишке ашырылышын координациялайт.
«Биз Айнагуль Аманова айымга жогорку кесипкөйлүгү, конструктивдүү өнөктөштүгү жана программанын илгерилетилишине кошкон олуттуу салымы үчүн чын дилден ыраазычылык билдиребиз. Бул программанын жыйынтыктары Нарын облусунун тургундарынын жашоо сапатын түздөн-түз жакшыртууга багытталган. Ошондой эле Юто Хякукан мырзаны куттуктап, АӨБ менен мындан ары да жемиштүү кызматташтык уланарына ишенебиз», — деп белгиледи АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспеков.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү бекемдөөгө берилгендигин тастыктап, Кыргызстандын айылдык аймактарында сапаттуу суу менен камсыздоо жана санитария кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган программанын максаттарына жетүү үчүн биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.


