«Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын миссиясы жыйынтыкталды
Бишкек, 2025-жылдын 3-июлу — Кыргыз Республикасынын борборунда «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун (ПУРСВС) алкагында Дүйнөлүк банктын миссиясынын жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү.
Жолугушууда тараптар долбоорду ишке ашыруунун учурдагы этабынын жыйынтыктарын чыгарып, жетишилген натыйжаларды, аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн жана жакынкы мезгилге пландарды талкуулашты.
Дүйнөлүк банктын тараптан жолугушууга төмөнкү өкүлдөр катышты:
- Одете Муксимпуа, суу менен камсыздоо жана санитария боюнча улук адис;
- Тогжан Алибекова, суу ресурстарын башкаруу боюнча аналитик;
- ошондой эле долбоорго тартылган башка адистер.
АРИС тараптан катышкандар:
- Марс Наспеков, АРИСтин аткаруучу директору;
- Эрлан Корчубай уулу, ПУРСВС долбоорунун координатору;
- долбоордун адистер тобу.
Миссиянын алкагында Дүйнөлүк банктын делегациясы Ош, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы бир катар аймактарды кыдырып чыгып, долбоордун алкагында ишке ашырылып жаткан объектилер менен таанышты. Алар аяктаган объектилерди жана учурда курулуп жаткан курулуш иштерин көрүп чыгышты, ошондой эле жергиликтүү командалар менен жолугушууларды өткөрүштү.
ПУРСВС долбоору айыл калкынын таза ичүүчү сууга жана санитардык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, суу ресурстарын туруктуу башкарууга жана айылдык жамааттардагы жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.


