НПИСтин экономикалык объекттерин ишке ашыруу боюнча тандоо комиссиясынын жыйыны жыйынтыкталды
Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (НПИС) экинчи компоненти — «Жергиликтүү экономикалык өнүгүү жана аялдар менен жаштар үчүн жашоо каражаттарын табуу мүмкүнчүлүктөрү» — алкагында 25–26-март күндөрү экономикалык объекттерди ишке ашыруу үчүн айыл аймактарын тандоо боюнча Тандоо комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйын онлайн-трансляция менен коштолду.
Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, АРИСтин, Борбордук Азиядагы Жергиликтүү башкаруу академиясынын, ошондой эле «ОСОП» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кирди.
Бекитилген критерийлерге жана баалоо методикасына так ылайык иш алып барган Тандоо комиссиясы айыл аймактарын тандоо процессинин ачык-айкындуулугун, объективдүүлүгүн жана адилеттүүлүгүн камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.
Эске салсак, республикалык сынакка катышуу үчүн НПИСтин 40 максаттуу айыл аймагы чакырылган. Сынактын жыйынтыгында 20 айыл аймагын тандоо пландалууда. Каржылоо көлөмү сунушталган долбоорлордун наркына жараша бөлүштүрүлүп, бир айыл аймагына 26,0 млн сомдон ашпайт. Ошол эле учурда тандалган аймактардын кеминде 15и каржыланат.
Берилүүчү инвестициялык гранттар экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, бизнести ачуу же кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле аялдар, жаштар жана калктын аярлуу катмарлары үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталат.
Экономикалык объекттер «Бир айыл — бир продукт» концепциясына ылайык ишке ашырылып, жергиликтүү чийки заттын артыкчылыктуу кошумча нарк чынжырларына багытталышы керек. Бул багыттар мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын негизинде аныкталган.
26-март күнү НПИСтин максаттуу айыл аймактары арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы чыгарылып, ага 37 айыл аймагы катышты. Жеңүүчүлөрдүн толук тизмеси менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: https://op1.aris.kg/news/view/8
Маалымат үчүн:
НПИС Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан өлкөнүн жети облусунда ишке ашырылууда. Долбоорду жалпы координациялоону Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жүргүзөт, ал эми каржылык колдоону Дүйнөлүк банк камсыздайт.


